Биз менен байланышыңыз

Иранда 180 жүргүнчүсү бар учак кулады

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 815 | 0

Тегерандагы эл аралык Имам Хомейни атындагы аэропортто 180 жүргүнчүсү бар учак кулады. Бул тууралуу Tasnim агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылган лайнер Украинага тиешелүү. Киевге карай жол тарткан учак абага көтөрүлгөндөн кийин эле кулап түшкөн. Буга техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгону айтылып жатат.

Reuters басылмасынын маалыматы боюнча, кырсык «Эл аралык Украина линиясы» аталышындагы Boeing 737 учагында болду.

Окуянын чоо-жайы такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM