Биз менен байланышыңыз

Өзгөн районунда баңгизатын сатууга шектүү жаран кармалды

Кыска кабар | 7 Янв 2020 | 544 | 0

Өзгөн районунун Ак-Жар айыл айыл аймагынын Большевик айылынын 62 жаштагы «Дудай» аттуу каймана аты бар Х.Х аттуу жашоочусу наркотикалык затты сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ыкчам маалыматтын негизинде, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ИИМдин аймактык наркотикалык заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Өзгөн районунун Большевик айылынын 1958-жылы туулган тургунунун үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.

Алынган маалыматка караганда, аталган жаран маңзаттарын сатуу менен алектенген. Натыйжада, күбөлөрдүн катышуусундагы тинтүү учурунда, аталган жарандын жашаган үйүнөн болжолдуу салмагы 4 кг. түзгөн, өзгөчө жыты бар (болжолдуу гашиш наркотикалык заты) зат жана сайлуу револьвер үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылды.

Бул факт Кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине наркотикалык заттарды сатуу белгилери менен катталып, иликтөө иштери башталды.

Copyright © 2017 Maral FM