Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура: Ош ИИБи 8 айда 64 кылмыш ишин жок кылган

Кыска кабар | 6 Окт 2019 | 830 | 0

Ош шаардык прокуратурасы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ушул жылдын 8 айындагы ишмердүүлүгүн текшерип, натыйжада Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринен 64 кылмыш ишинин материалдарын жок кылып же каттабай койгон фактыны аныкташты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле материалдар «Бузуулар жөнүндө» Кодексине ылайык чара көрүлүшү керек болгон мыйзам бузууларды аныкташты. Кыскартылган материалдардын кайда экендиги аныктала элек экендигин белгилей кетүү керек.

Мындан тышкары, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы чара көрүү үчүн аймактык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына жиберилген 264 мыйзам бузуулар боюнча иштин 60 мыйзам бузуу фактысы боюнча протокол түзүлбөгөнү аныкталган. Натыйжада, мамлекеттин мыйзам тарабынан корголуучу таламдары бузулган.

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан аныкталган аталган мыйзам бузуу фактылары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 331 -беренесинин биринчи бөлүмү «шалаакылык» жана 320-беренесинин биринчи бөлүмү «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелери менен катталды.

Сотко чейинки өндүрүш иштери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгына тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM