Биз менен байланышыңыз

Ошто Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери өз үйүндө атылып өлтүрүлдү

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Дек 2019 | 961 | 0

Ош шаарынын Өзгүр айылында жашаган Сапар Бакыев куралдан атылган октон каза болду. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө саат 20:20да «Тез жардам» кызматы тарабынан маркумдун сөөгү алынып келингени кабарланган.  Ал шаардын Өзгүр айылынын Кулматов көчөсүнүн №83 үйүнүн тургуну 1984-жылы туулган Бакыев Сапар экени аныкталган. Маркум Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суу ташкындарын көзөмөлдөө боюнча агенттигинин жетекчиси болгон.

Анын денесин кароо учурунда башынын арткы тарабында белгисиз куралдын атылган октун изи жана мурун тарабында октун чыккан изи бар экендиги аныкталган. Маркумдун жашаган адреси боюнча үй-жайын кароо учурунда сарайынын алдында уюган кандын жана андан төрт метр аралыкта белгисиз октун гильзасы табылган.

Учурда бул факт  Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине адам өлтүрүү беренеси менен катталып, ар тараптуу иликтөө иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Маркум Бакыев Сапар, 1984-жылы туулган. Үй бүлөлүү, эки уулдун атасы болчу.

Copyright © 2017 Maral FM