Биз менен байланышыңыз

Бишкекте патрулдук милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды (видео)

Кыска кабар | 6 Янв 2020 | 1560 | 0

Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) патрулдук милиция кызматынын унаасы жол кырсыгына кабылды. Окуя бүгүн, 6-январда эртең мененки сааттарда катталган. Бул тууралуу Патрулдук милициянын маалымат кызматынын өкүлү Байказы Айткул уулу “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, кырсыктан жабыркагандар болгон эмес. Патрулдук милициянын унаасы чакыруу менен шашып баратып, Тоголок Молдо — Баялинов (мурдагы Ленинград) көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes Sprinter унаасы менен кагышкан.

Бул окуя күбөлөрдүн видеосуна тартылып калган. Анда милициянын унаасы жол чыракта кызыл жанып турганда өткөнү көрүнөт.

Милициянын автопатрулдук унаасы чакырык менен түндүктөн түштүктү көздөй жүрүп бараткан. Кырсыкка кабылган унаанын айдоочулары экспертизадан өтүштү. Алар экөө тең мас эмес болгон. Mercedes Sprinter унаасы менчик, өз жумушу менен жүргөн жарандыкы болгон. Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды. Учурда окуянын келип чыгуу жагдайлары аныкталып жатат, — деди Байказы Айткул уулу.

Copyright © 2017 Maral FM