Биз менен байланышыңыз

Баткенде 26 жаштагы аял күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду.

Кыска кабар | 4 Янв 2020 | 829 | 0

Баткен шаарында 26 жаштагы А.Н.Т. аттуу эне ур-токмоктон каза болду. Кылмышка анын күйөөсү шектелип, камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди. Анын айтымында, окуя бүгүнкү күнгө караган түнү катталган.

4-январга караган түнү саат 01:00 чамасында Баткен облустук бириккен ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен шаарынын 1993-жылы туулган тургуну А.Н.Т. аттуу аялдын жансыз денесин оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкенин кабарлашкан.

Ыкчам тергөө тобу маркумдун денесине кароо жүргүзүшкөн учурда маркумдун колу-буттарынын териси күйүктөн жаракат алганы аныкталган. Такталгандай, 3-январь күнү Баткен шаарынын Базар-башы кварталынын 1989-жылы туулган С.Ш.А. аттуу тургуну 2012-жылдан бери чогуу жашап жүргөн аялы А.Н.Т. менен пикир келишпестик болгон. Окуя аялдын өлүмү менен аяктаганы аныкталган, — деди Дамира Юсупова.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Маркумдун жолдошу кылмышка тиешеси бар экени аныкталып, шектүү катары кармалды. Жубайлардын ортосунда 3 баласы болгон.

Copyright © 2017 Maral FM