Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБден сырткаркы өлкөдөн келген унаалардын жеңилдетилген бажы төлөмү бүгүн аяктайт

Кыска кабар | 31 Дек 2019 | 476 | 0

Бүгүн, 31-декабрда ЕАЭБге мүчө эмес, үчүнчү өлкөлөрдөн жеке пайдалануу үчүн жеке адамдар тарабынан алынып келинген транспорт каражаттарына карата жеңилдетилген бажы алымдарынын мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Буга байланыштуу ушул жылдын акыркы айларында 2018-жылга салыштырмалуу Унаа мамлекеттик мекемесинен биринчи жолу каттоодон өткөн транспорт каражаттарынын саны көбөйдү.

Өкмөттүн ушул жылдын 24-декабрындагы токтомуна ылайык, 2020-жылдын 1-январынан 7-январына чейин дем алуу күндөрү болуп жарыялангандыгына байланыштуу, Мамлекеттик каттоо кызматы «Жол кыймылы жөнүндө» мыйзамына ылайык, автомототранспорт каражаттарын сатып алууда же автомототранспорт каражаттарын кайра каттоого алып келген  жагдайлар келип чыккан учурдан тартып 10 жумушчу күндүн ичинде каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүүгө милдеттүү экендигин эсиңиздерге салат.

Кыргызстандын аймагына ушул жылдын 30, 31-декабрь күндөрү алынып келинген транспорт каражаттары 2020-жылдын он иш күнүндө катталат, Мыйзамда көрсөтүлгөн 10 күндүк мөөнөт 2020-жылдын 8-январынан тартып саналат.

Copyright © 2017 Maral FM