Биз менен байланышыңыз

«Инфоком» 2020-жылы айыл өкмөттөрүндө «Санарип аймак» тутумун ишке киргизет

Кыска кабар | 31 Дек 2019 | 728 | 0

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы бүткүл республика боюнча 2020-жылы бардык айыл өкмөттөрүндө «Санарип аймак» долбоорун ишке киргизет. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

«Санарип аймак» тутуму өлкөнү санариптештирүүнүн жана аймактарды өнүктүрүүнүн алкактарында иштелип чыгарылууда.

«Санарип аймак» тутумунун негизги багыты болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана калкка мамлекеттик кызматтарды сунуштоо тармагындагы адистердин иш алып баруусун автоматташтыруу болуп эсептелет. Тутумду 484 айыл өкмөтүндө ишке киргизүүгө пландаштырылууда.

Тутумду түзүүнүн негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:

  • Жаңы технологияларды колдонуу менен айыл өкмөтүнүн чарба китеби жана паспорт боюнча түзүү процессин автоматташтыруу;
  • Калктын ички миграциясын эсепке алуу жана контролдоо;
  • Бизнес-процесстерди жөнөкөйлөштүрүү жана актуалдуу маалыматтарды калыптандырууну камсыздоо;
  • «Түндүк» ВЭМТ аркылуу ведомстволук маалымат тутумдары менен интеграциялоо;
  • Алардын негизинде сунушталып жаткан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча мониторинг жана талдоо жүргүзүү жасала турган статистиканы жана отчетту автоматтык түзүү;
  • Тутумда катталуучу жана калыптандырылуучу маалыматтар боюнча чыгыш формаларын жана отчеттук документтерди түзүү.

Copyright © 2017 Maral FM