Биз менен байланышыңыз

«Биримдикти» үгүттөгөн айыл өкмөт башчысы дагы деле кызматта

Социалдык тармактарда өткөн аптада айыл тургундарын «Биримдик»  партиясына добуш берүүгө үгүттөгөн айыл өкмөт башчынын видеосу тараган. Ал Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жетекчиси Азамат Мүсүрканов экени айтылып, коомчулукта катуу сынга кабылган.

Видеодо Азамат Мүсүрканов тургундардан «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасовду колдоп берүүнү суранып, ал үчүн Бакасов 500 миң сом убада кылганын айткан:

Улан Бакасов дегенди билесиздер да, угуп эле жүрсөңүздөр керек. Өзүбүздүн Ак-Кулундун тургуну, 84-жылкы бала. Кылган эмгектерин баарыңар эле уксаңар керек. Мына, Нарындагы футболдук стадионду өзү эле салып берген. Ал айтат, “мен бийлик менен жүрбөсөм силерге эч нерсе жасап бере албайт экенмин. Мени колдоп берсеңер, алдыда дагы инвестицияларды кылып берем, мага 300 добуш салып бергиле” деп. Эми мындай болуп атат, биз сүйлөшүп, соодалаштык. 500 миң нак алып келип берем деди.

Биримдик ачык эле элди соодалап, сатып ала баштады.

Опубликовано Аргументы жана маяне Воскресенье, 30 августа 2020 г.

Бул видеодон кийин коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтылып, административдик ресурс, мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз үгүт иштерине катышуусу жөнүндө маселе кайрадан козголду.

3-сентябрда Жогорку Кеңештеги сессияда депутат Жанар Акаев да админресурс колдонулуп жатканын билдирип, ага укук коргоо органдары чара көрбөй жатканын сынга алган.

 — Мыйзам боюнча административдик ресурсту колдонгон жетекчилер айыппулга жыгылып, керек болсо кызматынан алынат. Өкмөт, президент баш болуп ушул маселени көтөрүп жатат, бирок факты жок, арыз жок деп бир дагы адамды жазага тартпадыңар. Мына Нарында айыл өкмөт башчынын ачык эле видеосу чыгып атат, аны да жоопко тартпадыңар. Силерге мындан артык кандай факты керек?! – деп кайрылган депутат.

Бирок аталган видеодо кеп болгон «Биримдиктин» талапкери Улан Бакасов андай кептерди четке какты. Ал муну каралоо катары баалап, андай сөз болбогонун түшүндүрдү. Бакасовдун өкүлү Майрамбек Өмүрбаев Мүсүркановду туура эмес маалымат таратып, ишкердин кадыр-баркына шек келтиргендиги үчүн сотко бергендигин айткан. Бирок сот кандай жыйынтык чыгарганы тууралуу расмий маалыматты Өмүрбаевден ала алган жокпуз. 

«Биримдиктин» талапкери айыл өкмөт башчысын сотко берди

Бул иш боюнча Мүсүркановго карата Райондук прокуратура да тергөөнү баштаган. Бул тууралуу Нарын районунун акими Курманбек Кудайбергенов «Маралга» берген маегинде билдирди. Анын айтымында, укук коргоо органдары тергөө иштери боюнча маалымат бербегендиктен, айыл өкмөт башчысын кызматтан четтете албайт.

 — Видео чыккандан кийин биз өзүбүздүн комиссияны түзүп, тиешелүү адамдардан билдирүүлөрдү алдык, иш жүрүп жатат. Комиссия ишин жыйынтыктаган соң биз өзүбүздүн сунушубузду жергиликтүү кеңешке беребиз. Азырынча кызматтан четтетиле элек. Анткени биз укук коргоо органдарына кайрылсак, кылмыштуулуктун курамы табыла электигин айтып, бар болсо өздөрү кайрыларын айткан, — дейт Кудайбергенов.

Аким айыл өкмөт башчысын иштен четтетүү жергиликтүү кеңештин укугу экенин айтып, бирок кеңешке сунуш менен кайрыла аларын кошумчалады.

Ал эми айыл өкмөт башчысы Мүсүркановдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Саясат талдоочу Марс Сариев бул маселе боюнча укук коргоо органдары тыкыр иликтеши керек деп эсептейт. Анткени азыр кара пиар күчөп, маалыматтык согуш болуп жаткан мезгилде ар кандай каралоолорду күтсө болот.

 — Эми андай окуялар боло берет. Видео бар деп эле чечим чыгар берүү туура эмес. Азыр маалыматтык согуш болуп жатпайбы, ар нерсени күтсө болот, — дейт Сариев.

Ошондой эле айыл өкмөт башчысына карата тергөө иштери ачылып, бирок өзү дагы деле кызматта олтурганы боюнча мындай деди:

 — Кызматтан четтетиш керек болчу. Тергөө бүтүп, сотко бериптир да, ошонун баары аягына чыкмайынча жумуштан алып туруш керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков да бул маселеде бир топ убадаларды айтып, шайлоонун таза өтөрүнө кепилдик берген. Ошондой эле тиешелүү кызматкерлер добуш сатып алууга, массалык каттоого турууга, административдик ресурстун колдонулуп жатканына чара көрбөй жатканын сындаган.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана КРнын Жогорку Кеңешин шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын 21-беренесинде көрсөтүлгөндөй, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштурган массалык иш чараларда үгүттөөчү сөз сүйлөө – адмимнистративдик ресурсту пайдалануу болуп саналат.

Ал эми административдик ресурстарды пайдаланган жетекчилер «Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө кодексининин» 87-беренесине ылайык, айыппулга жыгылып же ээлеген кызматынан четтетилет.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 15 партия аттанып, үгүт иштерин 4-сентябрдан баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM