Биз менен байланышыңыз

Samsungдан жаңы смартфон: Galaxy S20 тууралуу [видео]

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 586 | 0

Samsung компаниясы Galaxy S линиясындагы 3 жаңы флагмандык смартфондорун жарыялады. Алар: Galaxy S20, S20+ жана S20 Ultra үлгүлөрү.

Samsung аппаратынын сырткы көрүнүшүндө өзгөчө дизайн байкалбагандай деле. Албетте, бираз өзгөрүүлөр бар. Жаңы үлгүлөр камералардын сапаты менен айырмаланмакчы. Алсак, Galaxy S20 жана S20+ үлгүлөрү 64 мегапикселдүү камерага ээ болсо, Galaxy S20 Ultra үлгүсүндөгү моделдин камерасы 108 мегапикселди түзөт. Ал эми селфи камералары 10 мегапикселге чейин жакшыртылды.

Үч смартфон тең Infinity-O дисплейине ээ болушту. Бул смартфондун дисплейинин үстүндө фронталдык камера жайгашкандыгын билдирет. Жаңы моделдердин кадрдык жыштыгы 120 герц, ал эми экрандын диагоналдары үлгүсүнө карата 6,2, 6,7, 6,9 дюйм болуп жогорулайт. Оперативдик эс-тутуму 16 гигабайтка чейин болот. Ошондой эле смартфонго орнотулган флешканын эс-тутуму 128 гигабайтты түзөт. Смартфондорду зымсыз кубаттаса да болот.

Мындан тышкары, өндүрүүчүлөр бул моделдер сууда жана кумда бузулбай иштей аларын белгилешет. Смартфондор 2020-жылдын март айынан баштап сатыкка чыга баштайт. Күзгө чейин бардык өлкөдөгү соода түйүндөрүнө жетери айтылган.

Samsung Galaxy S20+

Samsung Galaxy S20 Ultra

Samsung Galaxy S20 Ultra

Copyright © 2017 Maral FM