Биз менен байланышыңыз

Жыл башынан бери эң көп сатылган смартфондор

Дүйнө , Кыска кабар | 28 мая 2020 | 1085 | 0

2020-жылдын биринчи кварталында эң көп сатылган смартфондор жарыяланды. Алдыңкы орунда Apple жана Samsung, ошондой эле эки Xiaomi моделдери турат.

Omdia ушул жылдын биринчи чейрегинде iPhone 11 дүйнөдөгү эң популярдуу смартфонго айланганын билдирет.

Алгачкы үч айда Apple 19,5 миллион iPhone 11 саткан.

«Apple баалар менен өндүрүмдүүлүктүн ортосундагы тең салмактуулукту тапты, бул смартфондун жагымдуулугун арттырды», — деп жазат Omdia.

Экинчи орунда Samsung Galaxy A51 (6,8 миллион даана), андан кийин Redmi Note 8 турат.

Докладдын авторлору Samsung Galaxy S20 + смартфонун ийгилигине өзгөчө көңүл бурушат. Бул моделдин үч жарым миллион смартфондору сатылып, бешинчи орундагы эң популярдуу смартфон болуп калды.

Copyright © 2017 Maral FM