Биз менен байланышыңыз

Ийилчээк экрандуу Samsung Galaxy Fold смартфону сатыкка чыгарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Сен 2019 | 945 | 0

Samsung компаниясы ийилчээк келген Galaxy Fold смартфонунун качан, кайсы өлкөлөргө сатыкка чыгарышарын жарыялады.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрдан баштап Түштүк Кореяда сатылып баштайт. 18-сентябрда Франция, Германия жана Сингапур өлкөлөрүндө ачылышы өтөт. Келишим түзүлгөн жалпы өлкөлөргө октябрь-ноябрь айларында жетиши мүмкүн экени айтылган.

Galaxy Fold’ду алгач апрель айында чыгаруу мерчемделген, алдын-ала буюртмалар кабыл алынып баштаган. Журналисттер текшерүүдөн өткөрүп, бул телефондун да экраны сынып кетерин айтышкандан кийин, кайра иштеп чыгууга туура келген. Америка соодасында смартфондун наркы 1980 доллар болору күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2016-жылы аталган компания сатыкка чыгарган Samsung — Galaxy Note-7 смартфонунун жарылып кеткен учурлары катталган. Мындан улам корпорация телефонду сатыктан алып салууга мажбур болгон. Кийинчерээк мунун себеби батареясында экенин маалымдашкан.

Copyright © 2017 Maral FM