Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк рынокто 5G смартфондору көп сатылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 414 | 0

2020-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча бешинчи муундагы мобилдик тармакта иштеген 278 миллион смартфон сатылат. Мындай божомолду Canalys компаниясынын аналитиктери айтышты.

Серепчилер белгилегендей, коронавирус кризисине карабастан, дүйнө жүзү боюнча смартфондор рыногу калыбына келе баштады.

«5G смартфондоруна суроо-талап сатуу мезгилинде жогорулайт», — дейт Canalys серепчиси Бен Стэнтон.

Аналитиктердин божомолуна караганда, 2021-жылга чейин жарым миллиондон ашык ушундай смартфондор сатылат.

5G смартфондорунун сатылышынын 60 пайыздан ашыгы Кытайга туура келет. Эми бул жерден жогорку ылдамдыкта 150 долларга маалыматтарды кабыл алып жана өткөрүп бере турган шаймандарды сатып алууга болот.

Экинчи жана үчүнчү орунда Түндүк Америка жана Европа базарлары турат.

Copyright © 2017 Maral FM