Биз менен байланышыңыз

Samsung компаниясында 5G технологиясы боюнча иштеген Азамат менен маек

Блог , Пикирлер | 13 Июл 2020 | 13056 | 1

Акыркы учурда 5G темасынын айланасында толгон токой мифтер айтылып, элдин арасында дүрбөлөң жүрүп жатат. Вируска тешеси бар экендиги, аны жок кылыш керектиги айтылып, кадимки эле антенналарды өрттөш керек дегендер чыгууда. Дүрбөлөңгө түшөөрдөн мурун «5G» эмне экендигин тактап алалы. 5G — биз колдонуп жаткан мобилдик байланыштын 5-мууну.

Элге так маалымат жеткирүү үчүн Кореянын Сувон шаарында Самсунг компаниясында 5G боюнча иштеген кыргызстандык Азаматбек Ахмедов менен маек курдук.

Саламатсызбы, алгач өзүнүз тууралуу айта кетсеңиз?

— 1995-жылы Ош облусунун Араван айылында Төө-Моюн айыл өкмөтүндө төрөлгөнмүн. 2013-жылы Кызылкыя Түрк лицейин бүтүргөм. Жогорку билимди Кореянын Ульсан шаарында ЮНИСТ (UNIST) деген университеттен окуп, 2017-жылы бүтүрдүм. 2017-жылдан баштап Сувон шаарында Самсунгдун башкы офисинде инженер болуп иштеп жатам.

Эми 5Gга өтсөк: анын артыкчылыктары, кемчиликтери?

— 5G – бул жаңы интернет, тез интернет десек да болот. 5Gнын 2 түрү болот. Биринчиси, биз буга чейин колдонуп келген 3G, 4G сыяктуу радио толкунду иштетет.

-Ал эми экинчиси, жаңысы болсо, 6 Грц жыштыктан жогорку радиотолкунду иштетет. Бул деген көптөгөн даталарды бир учурда сервис кыла алат. Интернеттин ылдамдыгы 10-100ГБ/сек чейин өсөт. Мисалы, интернеттен ондогон гигабайт бир нерсени көчүрөм десеңиз 5G бир нече секундда көчүрүп алууга мүмкүнчүлүк берет.

-Андан кийин бул заматтык жооп берүү. Мунун компьютердик оюндарды ойногондор жакшы түшүнөт. Бир нече миңдеген км алыстыктагы серверге байланышып, кеч калуусуз бир убакта башкарууга мүмкүнчүлүк берет. Бул төмөнкүдөй мүмкүнчүлүккө шарт түзөт: Америкадагы врачтар Африкадагы аппараттарды колдонуп, ошол жерде болуп жаткан операцияларга катыша алат.

-Дагы бир нерсеси, илгери телефон жаңы чыгып жаткан учурда технологиялык аппараттар аз болуп, трафик көп болбогондуктан 3G, 4G деле жетет болчу. Көп деле тыгыздык болбогондуктан, анча деле күчтүү интернеттин кажети жок эле.

-Заман өткөн сайын телефон, компьютерлер, акылдуу аппараттар көбөйүп жатат. Өнүккөн өлкөлөрдө үйдүн ичинде эле телевизор, муздаткычтар да интернетке туташтырылган. Бул деген аппараттарды миңдеген эсе көп кылып салат. Аппарат канчалык көбөйгөн сайын, инернеттин иштеши жайлайт. А 5G көптөгөн аппаратты бир эле убакытта, кыйынчылыксыз камсыздай алат.

5Gнын 4Gга салыштырмалуу дагы бир айырмачылыгын айтсам:

— 4Gнын станциясы бир нече километрге чейин сервис кыла берет, 5G болсо 1 кмга жетпей кызмат кыла алат. Бул деген 4Gнын станциясы бүтүндөй Бишкекти каптаса, 5G бир эле Ала-Тоо аянтын каптайт деген сөз.

Мунун кандай жакшы жагы бар? 4G өтө көп жерди каптагандыктан, ошол жердеги аппараттарды сервис кылганда, көп аппараттар интернетке байланышкандыктан интернет жай иштеп баштайт.

5Gнын антенналары тараткан толкун кыска аралыкта гана иштейт. Кыска аралыкта аз аппарат туташкандыктан, трафик жасалбайт. Көптөгөн аппараттар 4Gга салыштырмалуу интернетти эффективдүү колдоно алат.

Минус жактары: 5Gнын ден-соолукка кандай зыяны тиет?

-Салыштырып айтсам, үйүңүздөрдө вай-фай болсо, ал турган бөлмөдөн башка бөлмөгө өтсөңүз, вай-фай анча тартпай, интернет жай иштеп баштайт. 5G да ошондой эле. Эгерде 5G эшиктеги станция имаратта интернетти өткөрүп бере турган бир аппарат болбосо, эшиктеги станциядан алыстап, үйгө киргенде интернет тартпай калышы мүмкүн, же жай иштеп калат.

-Буга кандай чечим колдонулат: 5Gнын чоң станциясы, андан соң кичинекей станцияларды орнотуш керек. Кичинекей станциялар чоң станциядан толкунду тартып бере алат, жана интернет үзгүлтүккө учурабай иштешине шарт түзөт.

Каражат жагына токтолсоңуз:

-Каражат жагы 4Gга салыштырмалуу бир нече эсе кымбат болушу мүмкүн. Эгерде 4Gнын бир айлык кызматы 1000 сом болсо, 5G 3000-5000 сом болушу мүмкүн. Бул сервисти берген компанияга жана интернеттин канчалык күчтүү экендигине байланыштуу болот.

Кыргызстанда 5Gнын коронавируска тиешеси бар экен деген маалыматтар таркап жатат. Бул тууралуу эмне айтасыз?

-5G радиотолкун болгондуктан, анын биологиялык вирусту башкаргыдай күчү жок. Коронавирус менен 5Gны байланыштырган, бул акылга сыйбаган эле көрүнүш. Кыргыз элин дүрбөлөңгө салган мындай жалган маалымат апрель айында чыга баштаган. Бирок мунун эч кандай далили жок. Адамдар өздөрү эле ойлоп чыгарып алышкан. Кыргызстанда 5G станциялары азырынча жок. 5G элдин арасында айтылып жаткандай коркунучтуу нерсе эмес. Дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок.

5G Кореянын кайсы шаарларында орнотулган?

-Кореянын Сувон, Сеул, Пусан деген чоң шаарларында 3-4 жылдан бери иштеп жатат. Кореяда ден-соолукка зыян же вируска тиешеси бар экен деген суроолор чыккан деле жок. Эч кимдин андай нерсеге баш катырбай, тынч эле жүрөт. Эгерде андай маселе болгондо, эбак эле жаңылыктарга чыгып кетмек. Кореяда дүрбөлөң жок, бул жагынан тынч эле.

Ал эми вирус боюнча өзүмдүн билгендерим менен бөлүшсөм. Вирус бул адамдан-адамга, биологиялык денеден-денеге өтүүчү вирус. Вирус абага чыккандан кийин көпкө чыдай албайт. Бир нече убакыттан кийин жашай албай өлүп калат. Ал эми адамдар бири-бирине жакын болсо, анда вирус жугушу мүмкүн.

Аны кантип токтотсок болот? Эгерде адамдардын арасы алыс болсо, же коргонуучу жабдыктары болсо вирус жукпайт. Биз масканы жакшы колдонушубуз керек. Себеби статистика боюнча карасак, эгерде вирусу бар адам беткап такпай жүрсө, вирус жугуу ыктымалдуулугу 70 пайызды түзөт. Сиз беткап таксаңыз эле сизге жукпай калат деген нерсе жок. Ошондуктан беткап такпаган адамдан алыс болуңуз. Эгерде ошол эле вирус ташып жүргөн адам беткап такса, башка беткап тагып жүргөндөргө вирустун жугушу 1,5 пайыз экен. Эгерде баарыбыз беткап тагып, эрежелерди аткарсак бул вирустан сак болобуз деген үмүттөмүн. Баарыңыздар ден-соолукта болуңуздар, оорубаңыздар.

Copyright © 2017 Maral FM