Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үйлөр берилди
Кыргызстандыктар үчүн жыл аягындагы эң жакшы саамалыктардын бири – мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган батирлердин ачкычы өз ээлерине берилгендиги болду.
Президент Садыр Жапаров эки этап менен ипотекалык компанияда кезекте турган жарандарга батир ачкычтарын тапшырды.
Биринчиси Константин Скрябин көчөсүндөгү 7 блоктон турган көп кабаттуу турак-жай комплекси. Анын ар бири 15 кабаттан болуп, жалпы 549 батир курулуп бүткөн.
Экинчиси мурдагы №47 түзөтчү колониясы жайгашкан жердеги, “Мурас” турак жай комплекси — жалпы 4 700 батирди камтыган ири долбоор, анын алгачкы этабы аяктап, 6 блоктон турган 18 кабаттуу үйлөрдөн 510 батир мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу ээлерине тапшырылды.
Тарых жараткан 6 медаль
2024-жылы Кыргызстандын спорт тармагында чоң жетишкендиктер болду. Эгемендик алган жылдар тарта, Париж олимпиадасында алгачкы жолу бокс боюнча 57 килограмм салмакта Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль багындырды.
Ал эми грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов коло медалды куржунга салды. Ошондой эле, 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков да коло медалга жетти. Ушул эле күрөштөн 97 килограмм салмакта Узур Жусупбеков да коло медаль тагынып өлкөгө кайтты.
Мындан сырткары, кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш медаль утту. 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова коло медаль жеңип, өлкө намысын жогорулатуу менен бирге тарых жаратышты.
Ошентип, кыргыз спортчулары Париж олимпиадасында 2 күмүш, 4 колону куржунга салышты. Олимпиадага катышкан, 206 өлкөнүн ичинен медалдардын саны боюнча Кыргызстан 6 медалы менен 68-орунга чыкты.
Жаңы стадиондор ачылды
Бишкекте Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясы жана Чүйдүн Орок айылында “Мурас Юнайтед” футбол клубунун машыгуу базасы ачылды.
Улуттук футбол академиясы 3,37 гектар аянтты ээлейт. Ал мурунку футбол федерациясынын ордуна курулган.
Учурда бул жай заманбап спорттук объектилерди камтып, табигый жана жасалма шиберлүү футбол талаалары, машыгуу аянтчалары, мейманкана, футзал оюндарын өткөрүү үчүн спорттук зал, трибуналар, кафетерий жана спортчуларды даярдоо үчүн башка керектүү курулмалар бар.
Ал эми “Мурас Юнайтед” клубунун машыгуу базасы 3,5 гектар аянтта жайгашкан. Жалпы аянты 10 356 чарчы метр болгон мейманкана комплекси менен 6 кабаттуу имарат.
Анда командалар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, СПА-зонасы, ашкана, фитнес-залы, офис жайлар, мейманкана, тактикалык класстар, эс алуу зоналары, ошондой эле иш-чараларды өткөрүү үчүн ресторан каралган.
Базанын спорттук комплексинин аймагында жасалма шибер менен капталган эки кичи футбол талаасы жана 420 орундуу трибуналардан турган негизги гибриддик футбол талаасы, 120 орундуу унаа токтотуучу жай бар.
Бир аптада 5 млн. сомдон ашык пайда тапкан – Мамлекеттик Цирк
2024-жылы мамлекеттик Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирк 40 жылдан бери биринчи жолу капиталдык оңдоодон өттү.
Жаңы ремонттолгон циркке келген элдин саны көбөйүп, ушул жылдын 1-декабрдан 8-декабрга чейин цирк таза 5 миллион 370 миң сом пайда тапкан.
Аталган акча каражатты, өлкөдө жайгашкан компания арендага алып 1 миллион 360 миң төлөсө, 4 миллион 10 миң сом билетти сатуудан түшкөн.
Андан мурун циркте киреше табылган эмес. Ал банкроттук абалда болгон.
Көп балалуу болууга үндөгөн – Эне капиталы
2024-жылы УКМКнын башкы төрагасы Камчыбек Ташиев бир үй-бүлөдө төрөлгөн онунунчу балага 2 млн. сом берүүнү пландап жатканын айткан.
Ал арада, президент Садыр Жапаров бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын болгон алыскы аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку «Бала Береке» аталышындагы төлөм төлөө жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, 2026-жылдан тарта төрөгөн көп балалуу энелерге (Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга) бир жолку «Бала Береке» төлөмү берилет.
Ар бир төртүнчү балага 100 миң сом, бешинчи балага 600 миң сом, жетинчиге 1 миллион сом, сегизинчи жана тогузунчу балдарга 1,5 миллион сом, онунчу балага 2 миллион сом берилет.
Бул төлөм бала бир жашка чыкканда төлөнөт. Министрлер Кабинети 6 айдын ичинде төлөмдү берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт жана каржылоо булактарын табат.
Март айында төрөлгөн үч эм ымыркайлар
7-мартта Ош шаарындагы облустар аралык ооруканасында да үч эм төрөлгөн. Ымыркайлардын бири кыз, экөө эркек балдар. Балдардын 37 жаштагы энеси — Айсана Султанова буга чейинки төрөтүндө эгиз балдарды төрөгөнүн, жаңы төрөлгөн үч эм менен кошо 7 балалуу болуп, «Баатыр энеликке» талапкер болгон.
Андан 8 күн өткөн соң, Бишкекте, 15-март күнү №2 төрөт үйүндө үч эм ымыркай төрөлгөн. Алар бир кыз жана эки эркек бала кесарево операциясы аркылуу жарык дүйнөгө келишкен. Ымыркайлардын салмагы — 2 кг 40 грамм, 2 кг 279 грамм жана 2 кг 940 грамм.
Гран-приге ээ болгон Руслан Акундун тасмасы
Москва шаарында өткөн, III Эл аралык туура багыттагы кино фестивалынын жыйынтыгы менен кыргызстандык режиссер Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» аттуу көркөм тасмасы баш байгеге ээ болду.
Баш байгени багынткан кинодо өзгөчө адам, аң-сезим жактан өсүүсү 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган 35 жаштагы Адил деген жигиттин тарыхын, эненин балага болгон күчтүү сезимин чагылдырылган.
Сынакка жалпысынан 140тан ашык арыз келип түшкөн жана катышуу үчүн Россия, Беларусь, Кыргызстан, Кытай, Сербия жана башка өлкөлөрдө жаратылган 33 тасма тандалып алынган.
Ошондой эле, Руслан Акун тарткан «Бейиш эненин таманында» тасмасы өлкөдө да көрүүчүлөрдү эң көп топтогон тасмалардын катарын толуктады. Кинотеатрларга билет таппай, узун кезекке тургандардын саны арбын болду.
Аталган тасма казак, өзбек, түрк, орус, араб тилдерине которулган.
Калыстарды ыйлаткан – ырчы Бегимай
Бул жылдын аягында, ырчы Бегимай Турусбекова Орусиянын “Царица” (“Ханыша”) музыкалык долбоорунун финалына өттү. Жарым финалда Турусбекова “Ты и я”,(“Сен жана мен”), “Была любовь” (“Сүйүү болгон”) чыгармаларын аткарды.
Бегимай Турусбекова алгачкы аткаруусунда “Ты и я”,(“Сен жана мен”) чыгармасын тартуулады. Анда калыстар тарабынан атаандаштары сыяктуу эле 40 упай алып, бирок көрүүчүлөр анын аткаруусун жогору баалап, 9,75 упай ыйгарышты.
Ал эми “Была любовь” (“Сүйүү болгон”) чыгармасын аткарганда калыстар ырды көздөрүнө жаш алып угушту. Калыстардын баары бир добуштан колдоп дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду. Калыстардан кайрадан эле 40 жана көрүүчүлөрдөн 9,77 упайга ээ болду.
Ырчы жалпы 99,52 упай менен бул чыгарылыштын “Ханышасы” аталып, финалга аттанды.