Биз менен байланышыңыз

Швеция: биринчи 5G тармагы ишке киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 25 мая 2020 | 1166 | 0

Tele2 телекоммуникация компаниясы 24-майда Швецияда биринчилерден болуп 5G мобилдик түйүнүнүн жаңы муунун ишке киргизди. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүндө айтылды.

Тармактын биринчи антенна мамылары Стокгольм, Гетеборг жана Мальмё шаарларында орнотулган.

Жаңы технология маалыматтарды 1 Гб/с ылдамдыгы менен камсыз кылат. Бул 4G түйүнүнөн 4 эсе ылдамыраак. Бирок  учурдагы телефондордун көпчүлүгү жаңы мобилдик байланыштын бардык артыкчылыктарына ээ эмес.

Tele2 компаниясынын интернет колдонуучулары 5G тармагына автоматтык түрдө туташат.

Белгилей кетүүчү жагдай, Tele2 атаандаштары Telia жана Ericsson компанияларын бир күнгө артта калтырды. Бул компаниялардын 5G тармактары бүгүн, 25-майда, ишке киргизилет.

Швеция 5G тармагын сыноо режиминде ишке киргизген биринчи өлкө.

Copyright © 2017 Maral FM