Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-швед парламенттер аралык кызматташуусу бекемделет

Без рубрики , Кыска кабар | 29 Янв 2020 | 537 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-январда Риксдагдын биринчи вице-спикери Аса Линдестам баштаган Швециянын парламенттик делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Швеция менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле парламенттик демократияны бекемдөө боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары катары Президент соода-экономикалык жана экологиялык тармактарды атады. Кыргызстан чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Швециядан да инвесторлорду тартууга кызыкдар экенин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ВСП+ макамынын артыкчылыктарын активдүү колдонууга чакырды.

Делегациянын башчысы, Швециянын Риксдагынын биринчи вице-спикери Аса Линдестам Президентке жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, парламенттик делегациянын Кыргызстанга келишинин негизги максаты — кыргыз-швед мамилелерин, өзгөчө парламенттер аралык кызматташууну бекемдөө экенин белгиледи.

Швеция парламентинин депутаттары өлкөлөр ортосунда экономикалык байланыштарды бекемдөөгө, соода-экономикалык, тоо-кен иштетүү тармактарында жана экологияны коргоо маселелери боюнча кызматташууну өркүндөтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жана Жогорку Кеңештин депутаты, Швеция менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Акылбек Жапаров катышышты.

Copyright © 2017 Maral FM