Биз менен байланышыңыз

Смартфон тыңшалып жатканын кантип билсе болот?

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 2220 | 0

Эгер телефондо ээси орнотпогон тиркемелер же кошумча программалар пайда болуп калса, анда бул смартфон тыңшалып жатышы ыктымал. Бул тууралуу TelecomDaily агенттигинин жетекчиси Денис Кусков билдирди.

«Мындан тышкары, эгер сиздин телефонуңуз: өзүнөн өзү күйүп, өчүп калса, кээде өзүнчө кандайдыр бир аракеттерди аткарса, бул тыңшоо программасынын иштей баштагандыгынын белгиси», — деп түшүндүрөт эксперт.

Анын айтымында, телефон колдонулбаганда, токтоо абалда эле ысып кетсе, телефон ээлери этият болуш зарыл.

Телефон тыңшоонун эки жолу бар. Биринчиси, сот же башка инстанциялар аркылуу уруксат берилген тыңшоо. Бул мыйзамдуу деп саналат. Экинчиси, күйөөсү же аялы, атаандаштар тыңшоосу мыйзамсыз деп эсептелет.

Телефонго кандай жол менен тыңшоо пргограммасын орнотконун билүү дайыма эле мүмкүн боло бербейт. Мындай кызмат көрсөтүүлөр кымбат турат.

Copyright © 2017 Maral FM