Биз менен байланышыңыз

Тегерек смартфондор көрсөтүлдү [фото]

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 1465 | 0

Лас-Вегастагы СЕS 2020 көргөзмөсүндө dTOOR компаниясынын тегерек болгон смартфону көрсөтүлдү. Өзгөчө тегерек смартфон 800×800 пиксель мүмкүнчүлүктөгү 3,45 дюймдук экранга ээ.

Cyrcle Phone дизайны аялдар тарабынан иштелип, тегерек түзүлүшү, көлөмү жана формасы кичинекей колдорго ылайыкталган. Смартфон кадимки күзгүнү же смарт-сааттарды эске салат.

Cyrcle Phone 2 гигабайт оперативдик жана 16 гигабайт өздүк эс-тутумга ээ. Эки сим-карта салынат, 4G-модем жана батареянын күчтүүлүгү 2000 мАч.

Үлгү Android 9 стандартындагы башкаруу боюнча иштейт. Дизайнерлердин айтымында, азырынча экран тик бурчтуу форматта эле иштейт, тегерек калыпка түшүрүү аракети эми жасалат.

Смартфондун алдыңкы, арткы камерасы 13 мегапикселди түзөт.

Cyrcle Phone смартфонун сатыкка 2021-жылдын биринчи жарымында, 700 долларлы баа менен чыгаруу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM