Биз менен байланышыңыз

Эң көп сатылган смартфон түрлөрү

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 736 | 0

2019-жылы дүйнө боюнча эң көп сатылган смартфон түрү — кайрадан iPhone XR үлгүсү болду. Мындай жыйынтык Counterpoint Research изилдөөсү аркылуу аныкталган.

Apple америкалык компаниясынын гаджети смартфон сатыктарынын 3 пайызын ээлеген. Андан сырткары, баштапкы үчтүккө кореянын Samsung өндүрүшүнүн 2 үлгүсү кирген: Galaxy A10 менен Galaxy A50 (2,6 жана 1,9 пайызга ылайык).

Рейтингде ТОП ондукка кирген үлгүлөр: Oppo A9, iPhone 11, Oppo A5s, Samsung Galaxy A20, Oppo A5, Xiaomi Redmi A7 жана Huawei P30.

Буга чейин The Verge басылмасы соңку 10 жылдагы колдонуучуларга жакшы өткөн, көп сатылган гаджет үлгүлөрүнө байкоо жүргүзгөн. 10 жылдын жыйынтыгы боюнча алганда тизменин сап башында iPhone 4 смартфону орун алган.

Ошондой эле, соңку 10 жылдагы эң ийгиликсиз сатуу 2016-жылы флагманы жарылган Samsung Galaxy Note 7 үлгүсү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM