Биз менен байланышыңыз

Смартфондун кубатын кантип үнөмдөөгө болот?

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2020 | 1014 | 0

Телефон кандай моделде болбосун, эч кандай кошумча кубатсыз эле иштөө убактысын көбөйтүүгө  болот. Бул тууралуу «Цифралык платформалардын» башкы директору Арсений Щельцин «Прайм» агенттигине айтып берди.

Анын айтымында, смартфондун иштөө убактысын көбөйтүү үчүн керексиз тиркемелерди өчүрүү керек.

«Эртеби-кечпи алар интернет аркылуу түрдүү отчётторду жиберип, жаңылануу жана башка нерселерди талап кылат. Аларды өчүрүү менен аппараттын кубатынын 10 пайызын үнөмдөй аласыз», — дейт эксперт.

Ошондой эле, айрым тиркемелерди колдонууга чектөө киргизүү керектигин белгилейт. Алсак, мессенджер, социалдык тармактар, карта жана башка сервистер.

Мындан сырткары, кошумча системаларды — NFS, GPS, Bluetooth, Wi-fi, — жана дисплейди жарыктандырууну төмөндөтүү.

«Телефондун аппараттык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жана жаңыртууларды байкоо керек», — деди Щельцин.

Copyright © 2017 Maral FM