Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: Искусство ишмерлеринин эмгеги менен маданият өнүгүүдө

Кыска кабар | 16 Фев 2019 | 825 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2018-жылкы ишинин жыйынтыгын чыгаруу жана үстүбүздөгү жылга карай артыкчылыктуу милдеттерди талкуулоо боюнча коллегиялык жыйынына катышты.

Жыйында Өмүрбекова сөзүндө маданият жана искусство ишмерлеринин эмгегине жараша элдин бай жана кайталангыс маданияты өнүгүп, калк арасына кеңири жайылтылып жаткандыгын баса белгиледи.

«Акыркы мезгилдерде республика ичинде гана эмес, андан тышкаркы аймактардагы ар кыл фестивалдарда жана сынактарда өзүн татыктуу көрсөтө алган театр, кино жана музыка тармагындагы көптөгөн таланттуу артисттер пайда болууда. Алардын ийгилиги өлкөбүздүн жогорку мүмкүндүктөрү бар экендигинен кабар берет», – деп белгиледи ал.

Коллегиянын жүрүшүндө белгиленгендей, өкмөттүн стратегиялык максаттары калкты маданий жетишкендиктер менен кеңири камтуу иретинде маданият тармагынын модернизацияланышын талап кылууда.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, тарыхый-маданий мурас обьектилерин сактоону жакшыртуу боюнча иштиктүү чараларды кабыл алуу, «Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышын көзөмөлгө алуу менен А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркин өнүктүрүү концепциясын сунуштоо тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM