Биз менен байланышыңыз

Баткен бийлиги: Тажиктер бири-бирине ок атып, кыргыздарга шылтап жатышат

Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 1250 | 0

Баткендин Көк-Таш айылында кыргыз жараны тажик аялга ок атты деген маалымат — чагымчылдык. Бул атайын териштирүүлөрдө анык болгонун Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова “Маралга” билдирди. Анын айтымында, Көк-Ташка чектеш тажик айылындагү үй-бүлөдө чыр чыгып, ок атылганы анык. Бирок ал окуяга кыргыз жарандарынын эч кандай тиешеси болгон эмес.

Маалымат чыккандан кийин Өкмөттүн өкүлүнүн тапшырмасы менен бул факты текшерилген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бул — тажик жарандарынын ортосунда чыккан окуя. Бул окуяга кыргыз жарандарынын эч кандай байланышы болгон эмес. Бул жөн гана чагымчылдык, — деп билдирди Чолпон Бердикулова.

Кечээ Тажикстандын маалымат каражаттары, социалдык тармактын колдонуучулары Көк-Ташта суу ташып бараткан тажик аялга кыргыз жараны ок атты деген кабар чыгарышкан.

Эске сала кетсек жакында эле тажикстандын ЖМКлары, соцтармактын колдонуучулары Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК), ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин буйругу менен Көк-Таш айылында кыргыздар тарабынан тажиктин мектеп жашындагы балдарына кол салуулар уюштурулуп жатат деген маалымат таратышкан.


УКМК: «Кыргызстандыктар тажик балдарына кол салууда» деген маалымат жалган


Бул кезектеги чагымчылдык экенин УКМК расмий билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM