Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Кыргызстандыктар тажик балдарына кол салууда» деген маалымат жалган

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 984 | 0

Айрым Массалык маалымат каражаттарында чыгып жаткан «Кыргыздар УКМКнын жана ИИМдин буйругу менен Тажикстандын айылдарындагы балдарга кол салууда» деген маалымат жалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК менен ИИМ андай билдирүүлөрдү чагымчыл билдирүү деп эсептейт. Айрым чагымчыл күчтөр Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарындагы кырдаалды курчутуу үчүн жалган маалыматтарды таратып, Кыргызстандын укук коргоо органдарын мыйзамсыз аракеттерге негизсиз күнөөлөөдө.

УКМКдан билдиришкендей, учурда, УКМК, ИИМ жана башка тиешелүү органдар чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча иш алып барууда.

Ошондой эле УКМК чек ар маселеси боюнча чыр туудура турган чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM