Биз менен байланышыңыз

Мыкты студенттерге президенттик стипендия тапшырылды

Бүгүн 27-декабрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн алдыңкы студенттерине президенттик стипендия тапшырды. Сыйлыкка республика боюнча 74 студент татыктуу болду. Президенттик стипендия өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн жыл сайын тапшырылып келет. Сыйлык ээлери стипендия алган соң, жоопкерчилик жогорулаганын белгилешет.


Кайратбек Узакбай уулу — Баткен мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти. Ал бүгүн президенттик стипендия алып, бала кездеги кыялы орундалганын айтат. Сыйлык өзгөчө дем-күч берип, келечекке конкреттүү максаттарды коюуга себепчи болгонун биз менен бөлүштү.

 — Кыялыма жетип, аябай кубанып турам. Аны сөз менен айтып жеткирүү кыйын… Мен келечекте мугалим болом. Бүгүнкү сыйлык дем берди. Илимий-чыгармачылык жолума эбегейсиз күч берген сыйлык болду деп эсептейм. Мындан ары бардык окуучулар президенттик стипендияга ээ болсун деп, талыкпай эмгектенүүгө максат койдум. 

Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Динара Бекташеванын айтымына караганда, мыктыларды тандоодо 13 адамдан турган жумушчу топ иштеп, студенттер 7 критерий боюнча тандалып алынган.

— Студенттин окуудагы жетишкендиктери, республикалык же эл аралык олимпиада, конкурс, мелдештерде алган байгеси, изилдөөчүлүк иши (долбоор, презентация), илимий эл аралык, республикалык же ведомстволук мезгилдүү басылмаларга жарыялоолору, тил билүүсү, билим берүү мекемелеринин коомдук, маданий жана спорттук иш-чараларына активдүү катышуусуна карап тандап алдык.  

Президент Сооронбай Жээнбеков республиканын мыкты студенттерине мактоо баракчаларын тапшырып жатып, ар бир өлкөнүн келечеги билимдүү жаштардан көз каранды экенин билдирди. Ал мамлекеттин дүйнөлүк картадагы ордун аныктоодо өлкөнүн интеллектуалдык ресурсу, адам капиталынын сапаты биринчи орунда турарын белгилеп, өлкөнү өнүктүрүү жана экономиканы технологиялык жактан жаңылоо сапаттуу даярдыгы бар мыкты кадрларды талап кыларын кабарлады. Өлкө башчы президенттик стипендиянын лауреаттарына өзгөчө үмүт артыларын кошумчалады.

— Кандай гана ишмердүүлүк болбосун, аларда интеллектуалдашуу процесси жүрүп жатат. Глобалдуу атаандаштыкка билимдүү гана коомчулук туруштук бере алат. Келечек силерден кайсыл убакта, кайсыл жерде болбосун жаңы билимди табууну талап кылат. Келечекте Кыргызстанды өнүктүргөн, өлкөнүн атын чыгарган, элдин сыймыгы болгон, кийинки муунга үлгү болгон адам болгула. Бир канча убакыт өткөндөн кийин жаш муунга өлкөнү алдыга карай жетектөө милдети артылат, бул үчүн чыныгы патриотизм, сапаттуу билимге ээ болуп, өлкөнү мындан ары өнүктүрүп кетүү максаттарына жетүү үчүн талыкпас эмгек талап кылынат.

Стипендия ээлерине академиялык бир жылга (10 айга) 50 000 сом өлчөмүндө чегерилген стипендия тапшырылат.

Президенттик спипендиянын лауреаты, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин студенти Айгерим Саймидинова мындай сыйлык бир чети шык берсе, экинчиден чоң жоопкерчиликти талап кыларын билдирди.

Ал буга чейин Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында, эл аралык Ысык-Көл форумунда жана башка бир катар стартап долбоорлордо ыктыярчы болгон. Коомдук, маданий жана башка тармактагы иштерге активдүү катышып келет.

— Бул сыйлыкка жетүү мага оңойго турган жок. Коомдук иштерге 7-класстан тарта активдүү катышып келем. Университетте да тытынып жүрөм. Азыр эми башкача сезимдерди жашап жатам. Мындай сезимдин даамын татууну ар бир студентке каалар элем. Студенттер өзүм үчүн пайдалуу эмес деп түрдүү иш-чаралардан баш тартып, бир гана окуу менен алектенбей, коом үчүн пайдалуу болгон жумуштарды жасаса… Өзүм программистмин. Окууну аяктаган соң чет өлкөгө магистратурага тапшырууга аракет кылып жатам. Президенттик стипендия алганга чейин пландар бир аз азыраак болсо, эми жоопкерчилик көбөйгөндөй. Анткени эл мени карап турат. Алар «бул ушинтип жүрүп эле президенттик стипендия алып алды» деген ойго жетеленбеши үчүн көбүрөөк аракет кылууга умтулуп калат экенсиң.  

Кошумчалай кетсек, президенттик стипендия алуу үчүн жалпысынан 184 студент арыз тапшырган. Ал эми өлкө боюнча  65 университет бар. Аларда 169 миң студент билим алууда.

Copyright © 2017 Maral FM