Биз менен байланышыңыз

Унаа салыгын төлөбөгөн 2 миңден ашуун жаранга айып салынды

Кыска кабар | 27 Дек 2019 | 471 | 0

Үч айдын ичинде – сентябрдан-ноябрга чейин, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө унаа салыгын өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 2 миң 397 унаа ээлери административдик айыпка тартылды. Анын ичинен 2 миң 125 адам салыкты жеринде банктар, терминалдар, мобилдик банкинг аркылуу төлөгөн.  Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Мындан тышкары, бул мезгилде 628,5 млн сом суммасында жергиликтүү салыктар чогултулган. Анын 182,1 млн сому транспорт салыгы, 171,6 млн сом – кыймылсыз мүлк салыгы, 274,8 млн сом жер салыгы, анын ичинен 34,2 млн сом короо-жай участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы салынган.

Эскерте кетсек, унаа, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү бул жылы 2-сентябрда аяктаган.

Copyright © 2017 Maral FM