Биз менен байланышыңыз

Японияда алгач ирет чет элдик жаран өлүм жазасына тартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Дек 2019 | 507 | 0

Япониянын жаңы тарыхында биринчи жолу чет элдик жаранга карата өлүм жазасы өкүм кылынды. Бул тууралуу өлкөнүн Адилет министрлигинин маалыматына таянып, япон басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 4 кишилик үй-бүлөнү өлтүрүүгө айыпталган кытай жараны өлүм жазасына тартылган.

Кылмыш 2003-жылы 3 киши тарабынан жасалып, алардын эки мүчөсү Кытайга качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бирок кытайдан колго түшүрүлгөн. Алардын бири 2005-жылы өлүмгө тартылса, экинчиси өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми, үчүнчүсүнүн өлүм жазасы Япониянын жаңы эрасына туш келди.

Күн чыгыш өлкөсүндө өлүмгө тартуу өкүмү дарга асуу аркылуу ишке ашырылат.

Японияда расмий түрдө «Рейва эрасы» деп аталган жаңы тарыхы 2019-жылдын 1-апрелинен башталган.

Copyright © 2017 Maral FM