Биз менен байланышыңыз

Украинада жумушка келбеген депутаттардын маянасы кесилди

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Дек 2019 | 733 | 0

Украинада жумушка келбегендиги үчүн 81 депутаттын маянасы кесилди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Жогорку Рададагы 81 депутат ишке чыкпагандыгы үчүн ноябрь айындагы айлыгын толук ала албай калмакчы. Анын арасында Украинанын мурдагы президенти, учурда Жогорку Раданын депутаты Петр Поршенко да бар. Негизинен депутаттар 1250 доллар алса, жумушка келбегендиги үчүн депутаттардан бардыгы 125 миң доллар айыппул катары маянасынан кесилмекчи. Мындай буйрукка Жогорку Раданын башчысы кол койгон.

Жогорку Рада жумушка келбеген депутаттардын айлыгын кыркуу мыйзамын 12-сентябрда кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM