Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравияда эрте никеге турууга тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Дек 2019 | 796 | 0

Сауд Аравия өкмөтү эрте нике курууга тыюу салды. Бул тууралуу жергиликтүү булактар жазышууда.

Өкмөт кабыл алган мыйзамга ылайык, падышачылыкта никеге туруу үчүн эң төмөнкү жаш 18 жаш болуп бекитилди.

18 жаштан кичүүлөр никеге туруу үчүн соттун макулдугун алышы керектелет.

Маалыматка ылайык, учурда 117 мамлекетте балагатка жете электерге нике курууга уруксат берилген.

Copyright © 2017 Maral FM