Биз менен байланышыңыз

Инфоком: Үч жылда дээрлик 3 миллион паспорт жасалды

Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 551 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы акыркы үч жылда дээрлик 3 миллион паспорт жасаган. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.

3 миллион паспортко: жалпы жарандык паспорт, дипломатиялык, кызматтык, 2004-жылкы үлгүдөгү жана 2017-жылкы үлгүдөгү паспорт (ID-карт) кирет.

2017-жылы 901 миң паспорт, 2018-жылы 916 миң паспорт даярдалган. Ал эми 2019-жылдын 11 айында 950 миңден ашуун паспорт берилген.

Ошондой эле паспорттордун жоголуусу да көбөйгөн. Үч жылдын жыйынтыгы боюнча 160 миңден ашык паспорт жоголгон жана 12 миңден ашыгында ката болгон.

Copyright © 2017 Maral FM