Биз менен байланышыңыз

Жаңы башчы, жаңы шайлоо. Өзбекстандагы шайлоо купулга толдубу?

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 980 | 0

Өзбекстанда өткөн Парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча беш партия Олий Мажилиске келди. Алардын  арасынан эң көп добуш алган бийликтин Либералдык-демократиялык партиясы болду.

Өзбекстанда Олий Мажилистин мыйзам чыгаруу палатасына жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 22-декабрда өттү. Парламенттик шайлоого өлкөдөгү беш саясий партия катышты.

Көз карандысыз эксперттер парламентке өткөн беш партия тең негизги маселелер боюнча президент Шавкат Мирзиёевдин саясатын колдогондор экендиги айтылууда.

Коңшу өлкөдөгү бул шайлоодо быйыл 20 млн шайлоочу добуш берүүгө укук алган. Алардын ичинен эки миллиону быйыл алгачкы жолу шайлоо укугуна ээ болгон жаштар. БШК билдиргендей, добуш берүүгө шайлоочулардын 70%ы катышты. Шайлоого катышуу бул ирет мурунку шайлоолорго салыштырмалуу кыйла аз болду. Бирок өзбекстандык эксперттер муну жакшы жышаан деп баалайт. Себеби буга чейинки шайлоолордо элдин добуш берүүгө катышуусу 85%дан кем болбой, жадагалса, 94%га чейин чыгып турган. Албетте, саясат талдоочулар муну мурунку бийликтин добуштарды жасалма жол менен көбөйтүп келгени менен байланыштырат. Ал эми бул ирет шайлоого 70% катышуу болгонун ачык айтуу менен бийлик шайлоо системасында ачык-айкындыкка кадам таштады дегендер да бар.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (КМШ) менен Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) байкоочулары добуш берүүнүн жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун билдиришти. Алар шайлоо ачык, мыйзамга жана эл аралык нормаларга ылайык өткөнүн белгилешти.

Ошентсе да, бул шайлоого ачык оппозициячыл көз караштагы партиялар катыша алган жок. ЕККУнун байкоочуларынын айтымында, бул шайлоону таза деп айтуу кыйын. Бирок мурунку шайлоолорго салыштырмалуу реалдуулукка жакын деп бааланууда.

Шайлоо эрежелериндеги өзгөрүүлөргө токтолсок:

Быйыл, камакта отурган, бирок чоң кылмыш жасабаган адамдар дагы алгач ирет добуш берүүгө катышты. Маалыматка ылайык, алардын арасынан 3619 адам добуш берүү укугуна ээ болушкан.

Шайлоодо талапкерлердин тизмесинде этникалык азчылыктардын, анын ичинде этникалык кыргыздардын да өкүлдөрү киргизилген. Буга чейин Өзбекстандын жаңы тарыхында мындай көрүнүш болгон эмес. Өкүлдөр палатасына өтүү үчүн жалпы 750 талапкер катталган. Анын ичинен үчөө этникалык кыргыз болуп саналат. 750 талапкердин 150сү парламентке шайланып келет. Бирок 20дай тиешелүү добуш топтой албаган округдардан эч бир талапкер  шайланган жок. Ал аймактарда жакында кайрадан шайлоо өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM