Биз менен байланышыңыз

Текебаев менен Чотоновдун үй камагында калуусунун мөөнөтү узарды

Кыска кабар | 23 Дек 2019 | 1677 | 0

Бишкектин Биринчи май соту бүгүн айыпталуучу Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду үй камагында кармоо мөөнөтүн 2 айга узартты. Сот бул иште жаңы жагдайлардын жоктугун жана ишти кароонун мөөнөтү узак болгонуна, көлөмү чоң болгондугуна байланыштуу ушундай чечимди кабыл алды.

Чечимге ылайык, айыпталуучулар соттун уруксатысыз кат-кабар ала алышпайт жана аларга Бишкек шаарынын аймагынан чыгууга тыюу салынат.

Мындан сырткары, сот келерки отурумду 9-январда кароону чечти.

2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот айыпталуучулар Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы жагдайлардан улам кайра кароо чечимин кабыл алган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-августта аларды үй камагына чыгарган.

Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов орус ишкери Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп шектелип, камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM