Биз менен байланышыңыз

Ошто катуу шамал ондогон үйлөрдүн чатырын учурду

Кыска кабар | 23 Дек 2019 | 344 | 0

Кечээ Ош облусунун Чоң-Алай районунда катуу шамал болуп, ондогон турак жайлардын чатырын учуруп кетти. Бул кабарды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-декабрь күнү облустун Кашка-Суу жана Чоң-Алай айыл аймактарында саат 09:30 чамасында болжол менен ыдамдыгы секундасына 22-28 метрге жеткен шамал катталган.

Кашка-Суу айыл аймагындагы Кара-Кабак айылында маданият үйүнүн 4 даана, Кара-Кабак атындагы орто мектебинин 5 даана шиферлерин жана 3 турак үйдүн, Кабык айылында 2 турак үйдүн, Ачык-Суу айылында 2 турак үйдүн, Кашка-Суу айылында 5 турак үйдүн, Чоң-Алай а/а, Жаш-Тилек айылында 2 турак үйдүн жана Дароот-Коргон айылында 2 турак үйдүн чатырын учуруп кеткен.

ӨКМдин Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн башчысы жана жарандык коргонуудан комиссия түзүлүп, күч жана каражаттар тартылган.

Бүгүн 23-декабрь күнү Жарандык коргоо комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Ал эми облустун Алай районунда 22-декабрь күнү саат 11:00 чамасында Талды-Суу жана Сары-Таш айыл аймактарында болжол менен ылдамдыгы секундасына 22-24 метрге жеткен шамал катталган.

Талды-Суу айылында 3 турак үйдүн жалпы 26 даана шиферин жана Сары-Таш айылында 3 турак үйдүн чатырын учуруп кеткен.

Бүгүн, 23-декабрда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жалпы чыгымды тактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM