Биз менен байланышыңыз

Бишкектин 2020-жылкы бюджетине 10,98 млрд. сом каралды

Кыска кабар | 22 Дек 2019 | 430 | 0

2020-жылга карата борбор калаанын жергиликтүү бюджетинин жалпы чыгаша бөлүгү 10 млрд. 89 млн. 148 миң сом. Бул тууралуу Бишкектин биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев 2020-жылга карата шаар бюджети тууралуу өткөн коомдук угууда билдирди.

Шаардык жалпы бюджеттин ичинен мамлекеттик мекемелерди каржылоого 822, 837 млн. сом каралган.

Ага Бишкек шаар кеңешин, мэрияны, 4 райондук администрацияны, 22 аймактык башкармалыктарды жана башка мекемелерди каржылоо кирет. Мындан тышкары бул суммадан шаар мэриясынын чет өлкөдөн алган карыздарын төлөө да каралган.

Келерки жылы мэрия кызматкерлеринин айлык акылары көбөйөрүнө байланыштуу, бюджеттин 2020-жылга бекитилген чыгаша бөлүгү быйылкыдан 190 млн. сомго көп.

Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджети 2019-жылга 8 миллиард сомдун айланасында бекитилген.

Copyright © 2017 Maral FM