Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Дек 2019 | 407 | 0

Бүгүн, 22-декабрда Өзбекстанда Олий Мажилистин мыйзам чыгаруу палатасына жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтөт.

Бул шайлоого өлкөдөгү беш саясий партия катышмай болду. Алар: «Улуттук кайра жаралуу» демократиялык партиясы, «Адилет» социал-демократиялык партиясы, Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясы, Ишкер адамдар жана ишкерлер кыймылынын либералдык-демократиялык партиясы (УзЛиДеП) жана Экологиялык партия болуп саналат.

Буга чейин, Өзбекстанда 18-ноябрдан тарта Олий Мажилистин мыйзам чыгаруу палатасына жана жергиликтүү кеңештердин эл өкүлдөрүн шайлоого карата үгүт кампаниясына старт берилген.

Коңшу өлкөдөгү бул шайлоодо быйыл 20 млн шайлоочунун добуш берүүгө укугу бар. Алардын ичинен эки миллиону быйыл алгачкы жолу шайлоо укугуна ээ болгон жаштар.


Тарыхта биринчи жолу: Өзбекстандын парламентинде этникалык кыргыздар үчүн квота бөлүндү


Белгилей кетсек, Өзбекстандын Олий Мажлисинде алгач ирет этникалык кыргыздар үчүн да орун берилди. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, эл өкүлдөр палатасына өтүү үчүн учурда 750 талапкер катталган. Анын ичинен үчөө этникалык кыргыз болуп саналат. 22-декабрдагы шайлоодо 750 талапкердин 150сү парламентке шайланып келет. Анын ичинде этникалык кыргыздар үчүн да квота каралган.

Copyright © 2017 Maral FM