Биз менен байланышыңыз

Бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн акчага 15 мектепте кошумча имарат курулууда

Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 500 | 0

Коррупция менен күрөштөн түшкөн акчага республика аймагында 15 мектепке кошумча имарат куруу каржыланууда. Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик курулуш агенттигинин турак-жай курулуш департаментинин Чүй облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Эркин Абдыразаков билдирди.

Анын айтымында, Бирдиктүү депозиттик эсептен алынган каражатка Бишкек менен Чүй облусунда жетиден мектеп салынып жатса, бирөөсү Ош шаарында жайгашкан.

Абдыразаков белгилегендей, 15 объектинин жалпы божомолдуу наркы 941,9 млн сомду түзөт. Бүгүнкү күнгѳ жогорудагы 15 мектептин ичинен 9 объектиде курулуш жумуштары башталган. 3 объект боюнча подряддык уюмдар менен келишим түзүү алдында турат. 2 объект сынак комиссиянын кароосунда болсо, 1 объектинин сынактык арыздары 2019-жылдын 26-декабрында ачылат.

Copyright © 2017 Maral FM