Connect with us

Жалал-Абад: Ата-энесинин камкордугунан ажыраган 470 балага депозиттик эсеп ачылды

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 527 | 0

Жалал-Абадда ата-энесинин камкордугунан ажыраган 470 балага депозиттик эсеп ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде облустун үч айлык жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды.

Облус аймагындагы мындай 506 бала катталып, алардын ичинен депозиттик эсепке 1 млн 708 миң 429 сом акча каражаты түшкөн.

Облустук коллегияда ата-энесинин камкордугунан толук же жарым ажыраган балдар үчүн жериндеги банкттарда депозиттик эсептердин ачылганы, аларга акча каражатынын түшкөнүн өз убагында көзөмөлдөө Аксы, Базар-Коргон, Ноокен райондук мамлекеттик администрациялары, Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаардык мэриялары тарабынан тиешелүү деңгээлде иш алып барылбагандыгы маалымдалды.

Ошондой эле райондун, шаардын башчыларына тапшырмалар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM