Өзбекстандын Ташкент шаарында метро курулуп жаткан жерде болгон кырсыкта каза болуп, жер астында калган 6 адамдын сөөгү чыгарылды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.
«Бүгүн, 19-декабрда куткаруучу топтун ишинин натыйжасында жер астынан 6 сөөк чыгарылды. Издөө иштери уланууда»,- деп билдирди Өзбекстандын ӨКМ кызматы.
18-декабрда, Ташкенттеги Юнусабад районундагы метро жолу курулуп жаткан аймакта жер көчүп, иштеп жаткан бир канча киши топурак астында калган. Адистердин айтымында, жердин көчүшүнө бир нече күн токтобой жааган жаан себеп болгон.