Connect with us

Москвада мигранттарды тоноп жүргөн кыргызстандык 4 жаран кармалды

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 12147 | 0

Ушул жылдын декабрь айында Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын 36 жаштагы жараны кайрылып, Москва шаарынын Нижегородская көчөсүнөн белгисиз адамдар Ош облусунун Кара-Суу районунун 1976-жылы туулган тургунун уурдап кетишкен. Андан соң кылмышкерлер байкесин токойго алып барышып, бычак менен денесине жаракат келтиришип, 200 миң рубль талап кылышып, мындан соң ай сайын 100 миң рубль берип турасын деп күч колдонуп коркутушкан. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Аталган факт Орусиянын ИИМдин Москва шаарындагы аймактык бөлүмүнө катталып, опузалап талап кылган кылмыштуу топту кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөн.

12-декабрь күнү акча каражатын накталай алып жаткан жеринен адамды уурдоо, опузалап талап кылуу боюнча оор кылмыштарга шектелип жатышкан Кыргызстандын жарандары кармалды:

  • 1997-жылы туулган Н.А., Ош облусунун Алай районунун тургуну;
  • 1999-жылы туулган М.М., Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;
  • 1997-жылы туулган Ш.И., Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;
  • 1988-жылы туулган И.Д., Ош облусунун тургуну;

Кармоо учурунда алар активдүү каршылык көрсөтүшкөн. Кылмыш жасалган жеринен белгиленген акча каражаты, 3 бычак алынып, алар кылмыш ишинин материалына бекитилди.

Маалымат боюнча кармалгандардын бирөөсү Кыргызстанда Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Жогорудагы факты боюнча Москва шаарынын Тергөө комитети тарабынан Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинде (Адамды урдоо), 163-беренесинин 2-бөлүмүнун а,в пунктарында (Алдан ала бүтүмгө келүү менен зомбулук көрсөтүү аркылуу адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар тергөөнүн аягына чейин Москва шаарынын Тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда жогорудагыдай кылмыш иштерин тактоо жана аларды жасоого тиешеси барларды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Жогорудагы адамдардан жабыр тарткандар болсо, же кандайдыр бир маалыматтарды билгендер болсо ИИМдин Орусиядагы Өкүлчүлүгүнүн +7 (926) 890-87-00 ишеним телефонуна билдирүү калтырууну суранат.

Copyright © 2017 Maral FM