Connect with us

Ак үйдүн жанында «#REакция 2.0» митинги өтүп жатат

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 586 | 0

Ушул тапта Бишкекте #REакция акциясына катышуучулардын митинги өтүп жатат. Катышуучулар 7-апрель курмандыктарынын эстелигинин алдына чогулушкан. Чогулгандар бүгүн бийликке кызыл айып кагазын көргөзө турганын айтууда. Көпчүлүгү колуна «Мен жай тургунмун» деген плакаттарды кармап алышкан.

Уюштуруучулар акциянын максаты сөз эркиндигин коргоо жана коррупцияга каршы туруу экенин билдирди.

Митингге шаардыктар, активисттер, журналисттер чыккан. Акцияга чыгуу демилгеси Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов үч жалпыга маалымдоо каражатына миллиондогон доо койгондон кийин жаралган.


«#REакция’нын» катышуучулары Райымбек Матраимовдун камалышын талап кылышты


Буга чейин 25-ноябрда дагы ушул сыяктуу акция бажыдагы коррупция жана уурулукка каршы маанайда өткөн.

REакция 2.0: Коррупцияга каршы митинг (18.12.2019)

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Вторник, 17 декабря 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM