Биз менен байланышыңыз

«#REакция’нын» катышуучулары Райымбек Матраимовдун камалышын талап кылышты

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 725 | 0

Бүгүн Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция жарандык акциясы» өттү. Акциячылар «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген талаптарды коюшту. Алар колдоруна Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун сүрөттөрүн жана өлкөдө мыйзамдуулукту талап кылган чакырыктарды жазып көтөрүп чыгышты.

Нааразычылыкка чыккандар бул талаптар аткарылышын бийликтен талап кылышып, бул аракеттерге реакция болбосо, нааразычылык акциясы уланарын митингчилер билдиришти.

Акциянын катышуучулары анын башталышында Кыргызстандын гимнин аткарышып, 2010-жылы апрель окуясында окко учкандардын аты-жөнү жазылган тактага гүлчамбар коюшту.

Copyright © 2017 Maral FM