Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 19-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: -5…..-10… күндүз: -3…….2°C;
Талас облусунда:
түнкүсүн: -4…..-9….күндүз: -2……..3°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:
түнкүсүн: 0……-5….күндүз: 1……..6°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: -2…..-7….күндүз: -1……..4°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: -15….-20…..күндүз: -3..……-8°C
19-декабрда Бишкекте күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5……-7°C, күндүзү 0………2°C.