Биз менен байланышыңыз

Зеленский бийликти борбордон алыстатууну сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 518 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский Жогорку Радага 3 сунуш менен кайрылды:

1. Бийликти децентрализациялоо;

2. Өлкөнү административдик-аймактык жактан кайра бөлүштүрүү;

3. Префект – жаңы кызматын түзүү

Президент Зеленский бийликти борбордон алыстатууну (децентрализация) демилгелөөдө. Ал мындай кадам бийликтин өз ишин берилүү менен аткаруусуна шарт түзөт деп эсептейт.

Ошондой эле өлкөнү административдик-аймактык жактан кайра бөлүштүрүү жөнүндө мыйзамды парламенттин кароосуна сунуштады. Зеленский үч деңгээлден – жамаат, округ жана облустан турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын түзүү долбоорун көтөрүп чыккан. Анда Крым өзүнчө автоном республика катары аталган. Донбасстын өзүнчө макамы тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

Өлкө башчысы сунуштаган префект жаңы кызматы мамлекеттин округ, облус жана Киевдеги таламдарын жактайт. Префект Конституциянын жана мыйзамдардын жер-жерлерде аткарылышын көзөмөлдөйт.

Зеленскийдин бул документи өзгөчө макамга ээ болгондуктан, парламенттин комитеттери жана комиссиялары аны биринчи кезекте карап, жалпы добуш берүүгө жөнөтүшү керек.

Эксперттердин айтымында, Зеленскийдин сунушу алгачкы окууларда жактырылышы мүмкүн. Бирок акыркы этабы Конституция аркылуу чечилендиктен, айрым жерлери дал келбей калышы мүмкүндүгүн белгилешет. Президент өзү сунуштаган долбоор конституция талаптарына толук жооп берерин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM