Биз менен байланышыңыз

Кайырма айылындагы үйдөн чыккан өрт өз маалында өчүрүлдү

Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 408 | 0

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) өрткө каршы кызматы Чүйдүн Кайырма айылындагы батирде чыккан өрттү өз маалында өчүрүштү. Бул тууралуу министрликтин коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, Аламүдүн районунун Кайырма айылынын Западный көчөсүндө көп батирлүү эки кабаттуу турак үйдүн бир батиринен өрт тутанган.

Өрттү өчүрүүгө саат 10:42де ӨКМден 1 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 11:57 де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Натыйжада куткаруучулар 2 кабаттуу көп батирлүү үйдүн калган батирлерине өрттүн жайылып кетүүсүнө жол бербей, тилсиз жоодон сактап калышты.

Кырсыкта адам өмүрүнө, ден соолугуна залал келген учур катталган эмес. Турак үйдүн чатырын мекендеген көгүчкөндөр набыт болушкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM