Биз менен байланышыңыз

Министр жаш баланын тилегин орундатты

Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 795 | 0

Дүлөй балдар үчүн атайын орто мектеп-интернатына 210 миң сомдук китептин сертификаты, шахмат, шашки жана башка спорттук инвентарлар тапшырылды. Бул Тилеген Рахатбековдун убактылуу министр болуп турганда берген тапшырмасы боюнча ишке ашкан. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров өзүнүн facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Жардамга “Human Appeal International” кайрымдуулук фонду көмөктөшкөн.

Бир ай мурда дүлөй балдар атайын мектебинин окуучусу Тилеген Рахатбеков министр Улукбек Кочкоровдун кабыл алуусунда болгон. Тилеген креслого отургузулуп ага убактылуу министрдин милдети жүктөлгөн. Бул учурда Кочкоровдун өтүнүчү менен Тилеген министр катары бир катар тапшырмаларды берген болчу.

Тилеген дүлөй балдар үчүн атайын орто мектеп-интернатка окуу китептери жетишсиз экенин, шахматтык доскалар зарыл экендигин айткан эле. Мен аны министрдин тапшырмасы катары кабыл алып, тапшырманы ишке ашырууга киришип, 1 ай ичинде аткарганга жетиштик. Тилегендин министр катары айткан тапшырмалары тууралуу кабардар болушкан “Human Appeal International” кайрымдуулук фонду бул багытта жардам колун сунган. Фонддун жетекчиси Али Айоуб жана жеке ишкер Жумабек Мамажанов кайрымдуулук үчүн кол сунуп, Тилегендин тилегин орундатып келдик.

Баса, биз барган учурда Тилеген шахмат боюнча эл аралык мелдешке кеткен экен. Жолуга алган жокпуз. Эң негизгиси – биз анын тилегин орундаттык, — дейт министр.

Бул сапар мектептин 85 жылдык мааракесине дал келгенин, жардам майрамдык белек катары тапшырылганын Улукбек Кочкоров кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM