Биз менен байланышыңыз

Париж: Пенсия реформасына болгон нааразычылык 600 километрлик тыгынды жаратты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 686 | 0

Францияда президент Эммануэль Макрондун пенсия боюнча реформаларына каршы нааразычылыктар дале уланууда. Ушундан улам, 16-декабрь күнү жолдогу тыгындар 600 километрден ашты. Ошол эле учурда Париждеги бир топ метролор өз ишин токтотту.

Пенсиондук реформага каршы жүрүш бүгүн, 17-декабрда да уланмакчы. Акцияны уюштуруучулардын катарында профсоюздар жана студенттик кыймылдар бар. Ошондой эле, жүрүшкө эмгекчилердин эң ири бирикмеси болгон Француз Демократиялык эмгек конфедерациясы да кошулмакчы.

2 жумадан бери созулуп келген нааразычылыктар, айрыкча, пенсиядагы жаңылануу катуу таасир эте турган коомдук транспорттун кызматкерлери арасында жүрүп жатат.

Нааразычылыктын себеби

Массалык иш таштоо акциясы өкмөттүн 42 өзгөчө пенсиондук режимин жоюу планына каршы болуп жатат. Учурда бир катар тармактын кызматкерлери, анын ичинде темир жолчулар, энергетиктер, юристтер пенсияга эрте чыгып, жакшы пенсия алышат. Франциянын өкмөтү өлкөнүн пенсиялык системасын каржылоодо миллиарддаган дефицит болот деп чочулап, алдын алуу иштерин жүргүзүүгө киришкен.

Көптөгөн француздар президенттин реформасын өзүнүн жашоо образына каршы келген коркунуч катары кабыл алып, нааразычылык акциясына чыгышты.

Алар бул кадам миллиондогон адамдарды пенсия курагында да иштөөгө же кыскартылган пенсияга көнүүгө мажбурларын айтып жатышат.

Эске салсак, 1995-жылы да Францияда пенсия реформасына каршы жарандар үч жума бою иш таштап, өкмөт өз чечимин өзгөртүүгө мажбур болгон эле.

Copyright © 2017 Maral FM