Биз менен байланышыңыз

АКШ Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын жарыялайт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 3438 | 0

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы өлкөнүн Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын жарыялоого даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазды.

АКШдагы Мамлекеттик департаменттин өкүлү стратегия боюнча Вашингтондо Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолуккандан кийин билдирди.

Департамент өкүлү белгилегендей, быйыл АКШ Борбор Азиядагы беш өлкө менен мамилелерди «активдештирди».

Быйыл июлда АКШ делегациясы акыркы төрт жылдан бери алгачкы жолу Кыргызстанга келген. Ноябрда Мамлекеттик департаментте Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов кабыл алынган. Кийинки жылы жазында Вашингтон Тажикстан жана Өзбекстан делегацияларынын өкүлдөрүн кабыл алууну пландап жатат.

АКШнын дипломатиялык байланыштарын кеңейтүү аракети Кытайдын Борбор Азиядагы экономикалык жана саясий таасири күчөп жаткан маалга туш келүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM