Биз менен байланышыңыз

Кундуз Жолдубаева бүгүн ИИМге суракка чакырылган

Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 423 | 0

Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын башчысынын орун басары Кундуз Жолдубаева бүгүн Ички иштер министрлигинде (ИИМ) сурак берет. Жолдубаев саат 11.00гө келиши керек.

КСДП өкүлү Кой-Таш окуясы боюнча шектелип жаткан адамдар менен беттештирүүгө чакырылган болушу керек деп болжолдогонун адвокат Замир Жоошев «Марал» радиосуна кечээ күнү билдирген.

Кундуз Жолдубаева 14-декабрга чакырылганын менен ар кандай себептер менен тергөө амалдары жүрбөй калган.

Эске салсак, Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы операция учурунда «Альфа» атайын кызматынын жоокерлерин барымтага алуу фактысы боюнча ачылган иште күбө катары бир нече жолу сурак берген.

Copyright © 2017 Maral FM