Биз менен байланышыңыз

Ажылык сапарга ташуу боюнча авиакомпанияларга конкурс жарыяланды

Кыска кабар | 15 Дек 2019 | 498 | 0

2020-жылдын ажылык иштери жакындап калганына байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2020-жылдагы Сауд Араб Падышалыгына болгон ажылык сапарына ажыларды жеткирүү үчүн Кыргызстандын жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда ушул жылдын 17–декабрынан 2020-жылдын 17-январына чейин конкурс жарыялайт. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Конкурс 2020-жылдын 21-январында саат 11:00дө Муфтияттын жыйындар залында  өтөт. Документтерди кабыл алуу ушул жылдын 17–декабрынан 2020-жылдын 17-январына чейин жүрөт.  Жыйынтык 2020-жылдын 23-январында жарыяланат.

Конкурска катыша турган авиакомпанияларга коюлган талаптар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот:

  • Бишкек шаары, Гогол көчөсү, 57 (Москва көчөсүнүн кесилишинде);
  • Байланыш телефону: 0778 90 06 01
  • тел/факс: 0312 48 61 67
  • Е-почта: muftiyat.hajj@mail.ru

Эске салсак, буга чейин сынакка бир эле саудиялык Flynas авиакомпаниясы документ тапшырып, жергиликтүү компаниялардан документ келген эмес. Ажыга баруучуларды буга чейин да Сауд Аравиясынын Flynas авиакомпаниясы ташыган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM