Биз менен байланышыңыз

Карантин: Битир-садаканы онлайн түрүндө берсе да болот

Кыска кабар | 20 Апр 2020 | 1020 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы битир-садаканы дистанттык түрдө берүүгө болорун билдирди. Карантин учурунда олуттуу себепсиз көчөдө жүрүүгө тыюу салынгандыктан, битир-садаканы дистанттык түрдө кабыл алуу чечими чыгарылган.

Бул үчүн «РСК Банкы» аркылуу электрондук эсеп ачылды.

Маалыматка ылайык, эми жарандарыбыз битир-садаканы, зекетти РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу муфтияттын эсептик төлөмүнө которушса болот.

Быйылкы битир-садаканын баасы кандай экенин шилтемени басуу менен билсеңиз болот.

Эске салсак, орозо быйыл 24-апрелде башталат.


Муфтият Рамазан айындагы битир-садаканын баасын аныктады

Copyright © 2017 Maral FM